Тактык жана шамдагайлыкты талап кылган бул беттешке кыргыз-түрк курама топтору шаршемби күнү чыкты.
Найза ыргытуу боюнча таймашка жети адамдан түзүлгөн эки курама топ күч сынашты. Биринчи таймда ар бир топ 30 упайдан топтоду. Экинчи бөлүктө да командалар тең чыгып, натыйжада ар бир топтун капчыгында 50 упайдан топтолду. Оюндардын жыйынтыгында эки команда тең жеңүүчү деп табылды. Алтын медалдардан сырткары ар бир топко 250 миң сомдон ыйгарылды.
Найза ыргытуу — түрктөрдүн салттуу спорту. Найза ат үстүнөн ыргытылат.

Кыргызстандык спортчулар найза ыргытуу боюнча турнирде

Атчан түрк беттеш башталар алдында мамлекетинин желегин көтөрдү

Каршылаштардын жолугушуусу

Оюндун эрежеси боюнча атчан адам каршылашын көздөй найзасын ыргытуу керек

Найза аскердик машыгуулар үчүн колдонулган. Байыркы мезгилдерде мындай ыкма менен ат үстүндө салгылашууга машыгышкан

Беттешке эки топ катышып жатат. Оюн ачык асман үстүндө өтүүдө

Командалар каршылашын көздөй жыгачтан жасалган учу мокок найзаларды ыргытуу менен көп упай топтоосу керек

Ар бир курама топ жети атчандан түзүлгөн. Запаста эки спортчу бар

Атчандар таймашындагы калыстар дагы атчан жүрүшөт

Түрк тобунун мүчөсү найза ыргытууга камынып жатат

Найза учкан бойдон кетти

Каршылаштын жообу

Көз ирмелбей калган учур

Оюндун акырында калыстар эки команданы тең жеңүүчү деп тааныдыОюндун акырында калыстар эки команданы тең жеңүүчү деп тааныды

Алтын медалдан сырткары ар бир топ 250 миң сомдон байгеге ээ болду
