БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунда "Теплые ключи" эс алуу жайындагы сууга түшүп кеткен Honda Stepwgn унаасынын ичиндеги 20 жаштагы кыздын денеси табылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Эске салсак, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа 2016-жылдын 5-сентябрында сууга түшүп кетип, ичиндеги кыз табылбай калган.
"Унаадагы 20 жаштагы жүргүнчүнүн денеси кечээ 17:23тө Беш-Күнгөй айылынан табылды. Маркум Нарын облусунун Ак-Талаа айылынын жашоочусу экени белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Кыздын денеси Аламүдүн райондук милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.