БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунда "Теплые ключи" эс алуу жайындагы сууга түшүп кеткен Honda Stepwgn унаасынын ичиндеги кыз табылбай жатканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 5-сентябрь күнү эртең мененки саат 8.00дө болгон. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар айдоочуну ооруканага алып барышкан, бирок абалы жакшы болгондуктан ал дарылануудан баш тарткан.
Ал эми унаадагы бир кыз табылбай жатканы кабарланды.