БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ош облусундагы Өзгөн районунда жаңы төрөлгөн үч күндүк эркек баласын көчөгө таштап кеткен эне изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев маалымдады.
Маалыматка ылайык, бала 3-сентябрда көчөдөн табылган.
"Ымыркайдын абалы учурда жакшы. Ал Мырзаке айылындагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө дарыгерлер тарабынан көзөмөлгө алынды", — дейт Ашырбаев.
Баласын таштап кеткен аял учурда милиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө.