БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Бишкекасфальт" муниципалдык ишканасы битум сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда муниципалдык ишкана 22 миллион сом сарптоого даяр.
Тендер 3-сентябрда жарыяланып, мөөнөтү 26-сентябрда аяктайт.