БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Ысык-Көлдү алтын куму-2016" деп аталган кум эстеликтеринин фестивалы ачылгандан бери ага үч миңден ашуун киши келип көрүп кеткенин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.
Көчмөндөр оюндарына, Тарых жана маданият жылына, ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган фестивалга Кыргызстандан 14, Казакстандан 6 жана Өзбекстандан бир скульптор менен бардык каалоочулар катышууда.
Фестиваль этно-концерт менен коштолуп, сентябрдын аягына чейин созулат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган фестивалдын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.