БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандыктарга жалпы жарандык жана чет өлкөгө чыгуу үчүн алынуучу паспорттордун баасы кымбаттады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, башкы документтин наркы үч эсе кымбаттады. Мурда ID-карта 120 сомго болсо, азыр 390 сомго жогорулады. Ал эми жалпы жарандык паспорт 610 сом болду.
Каттоо кызматы баалардын көтөрүлүшү документти жасоого кеткен чыгымды жабуу менен байланыштуу экенин белгиледи.
"Документтин баасы кызматкерлердин эмгек акысы, социалдык камсыздандырууга, электр энергияга, жабдууга, арендалык төлөмдөргө кеткен чыгымдардан түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Документтердин жаңы баасы 1-сентябрдан баштап күчүнө кирет.