БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Депутаттар 12-сентябрга чейин ишин токтотпогонун Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 1-сентябрда Жогорку Кеңеш күзгү сессияга чогулуп, КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев жайкы эс алууну 12-сентябрга чейин узартууну демилгелеген. Анын сунушун эл өкүлдөрү колдоого алышкан болчу.
Аталган датага чейин иш календардык планга жараша профилдик комитеттерде уланат. Ошондой эле фракциялардын жыйындары дагы болуп турат.
Айрым депутаттардын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусунан улам Жогорку Кеңештин пленардык жыйындары гана болбойт деп айтылат билдирүүдө.