БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууну 12-сентябрга чейин узартты. Бул демилге КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевге таандык.
"Көчмөндөр оюндары, андан кийин Курман айт майрамы болот экен. Келгиле 12-сентябрга чейин эс алуунун узарталы", — деди эл өкүлү.
Ал эми ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков Көчмөндөр оюндарына депутаттар үч автобус менен бара турганын белгиледи. Анын айтымында, депутаттар ачылуу аземине атайын чип менен киришет.

Эмне болсоң ошо бол, Ак-Сайдын башы жошо бол… Урее!.. Каникул!!!
© Фото / Ася Ибраимова
