БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 31-август Эгемендүүлүк күнүндө Ош шаарынын тургуну пневматикалык мылтыгын тазалап жатып, өзүн атып алган. Ал Ош шаардык ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында жалпысынан 24 кылмыш жана кырсык катталган.
"Ош шаарынын Кулатов кичи районунун 50 жаштагы тургуну өз үйүндө пневматикалык, 4.5 мм Түркия өндүрүшүнөн чыккан "Хатсан" үлгүсүндөгү мылтыгын тазалап жатып, кокусунан өзүн атып алган. Ал Ош шаардык ооруканасына жеткирилгенден кийин каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 1-сентябрда билим күнүнө карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардагы 70 мектепте коопсуздугун камсыздоодо. Ар бир мектепке, окуучуларынын санына жараша экиден кем эмес милиция кызматкерлери бөлүштүрүлгөн.