БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Абу-Даби бийлиги атайын аялдар үчүн көп кабаттуу үйлөрдө жана көчөлөрдө өзүнчө унаа токтотуучу жайларды жайгаштырып берди. Бул тууралуу РИА Новости The National басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Учурда ак жана күлгүн түстөргө боелгон 200 унаа токтотуучу жайлар дайындалды.
Абу-Дабинин Транспорт департаментинен кабарлашкандай мындай жайлар аялдардын унаа токтотууга жай табуусун жеңилдетип, коопсуздугун камсыздайт.
Унаа жайлары шаардын ар кайсы бөлүктөрүнө жайгаштырылды.