https://sputnik.kg/20160825/1028759366.html
"Автоледи-2016": машинаны зуулдата айдап, кара жоргону катыра бийлеген жеңүүчү
"Автоледи-2016": машинаны зуулдата айдап, кара жоргону катыра бийлеген жеңүүчү
Sputnik Кыргызстан
Автоледи биринчи этапта "Кара жорго" бийин аткарып, лирикалык ыр саптарын окуп берди. 25.08.2016, Sputnik Кыргызстан
2016-08-25T12:26+0600
2016-08-25T12:26+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102875/82/1028758285_0:166:1000:731_1920x0_80_0_0_99a59af1d16bbbd996f78e1e847a2a9e.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2016
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102875/82/1028758285_0:134:1000:763_1920x0_80_0_0_8f97caf252de9be42efa5885cba6a969.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
маданият, кыргызстан, коом, жаңылыктар, "автоледи-2016" сынагы
маданият, кыргызстан, коом, жаңылыктар, "автоледи-2016" сынагы
"Автоледи-2016": машинаны зуулдата айдап, кара жоргону катыра бийлеген жеңүүчү
12:26 25.08.2016 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Автоледи биринчи этапта "Кара жорго" бийин аткарып, лирикалык ыр саптарын окуп берди.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкектик Ольга Сумина "Автоледи-2016" сынагынын жеңүүчүсү атыккандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул күзөт милициясынан кабарлашты.
24-август күнү жеңиш аянтында аялдар арасында унааны мыкты айдоо боюнча таймаш өттү. Анда үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар 22-35 жаш аралыгындагы 10 кыз-келиндер катышкан.
Иш-чаранын биринчи этабында катышуучулар өздөрү жана унаасы тууралуу айтып беришкен. Андан кийин жол эрежелери боюнча экзамен тапшырышкан. Үчүнчү этапта айдоочулукту иш жүзүндө көрсөтүшкөн. Ал эми акыркы төртүнчү этапта айдоочу кыз-келиндер өзгөчө кырдаал учурларында өздөрүн кандай алып жүрүшөөрү сыналган.
Сынактын жеңүүчүсү катары Range Rover үлгүсүндөгү унаанын ээси Ольга Суммина атыкты.
Уюштуруучулардын айтымында, биринчи этапта Сумина "Кара жорго" бийин аткарып, лирикалык ыр саптарын окуду. Ал башка тапшырмаларды дагы мыкты аткарган.
Сумина катышуучулардын ичинен эң тажрыйбалуу айдоочу болуп чыкты. Ал 15 жылдан бери рулду башкарып келет. Архитектор-дизайнер болуп иштейт, өзүнүн бизнеси бар. Техникага кичинесин кызыккандыгын айтып берди. Кубаты күчтүү унааларга кызыгат.
Жеңүүчүгө телевизор жана иш-чаранын демөөрчүлөрү тарабынан бир катар белектер ыйгарылды.
Мындай сынак Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатат. Былтыр да аны Кайгуул күзөт милициясы уюштурган.
Өткөн жылкы сынакта Toyota RAV-4 үлгүсүндөгү унаанын ээси Айсулуу Парманова жеңишке жеткен.