БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Муниципалдык "Тазалык" ишканасы күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда мекеме күйүүчү майга 7 миллион 764 миң сом жумшаганга даяр. Бул каражатка Аи-80, Аи-90 жана дизелдик май сатып алынат.
Тендер 29-август күнү жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында аяктайт.