00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте “Жаңы ысымдар” эл аралык театр фестивалы өтөт
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«Ала-Тоо резортто» аукциондун экинчи этабы башталды — жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар курулат
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Мафия» тасмасы: «Стоп кадр» программасында криминалдык дүйнө ачылат
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кандуу ишемби: кечиргиле, сактай албадык…

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Москвадагы өрттөн каза болгондорго терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ишемби биз үчүн жумуш күн болгондуктан, кадимкидей эле иштеп жатканбыз. Анан эртерээк кетүү тууралуу сүйлөштүк. Шылтоо катары бирөө кечирээк туруп башы ооруп жаткандыгын айтса, кай бири уйкусу канбай калганын кеп кылды. Аңгыча эле Москвадан өрт чыгып, анда мигранттар каза болду деген суук кабар келди… Алгач КМШ өлкөлөрүнүн жарандары, анан эле баары кыргыздар экен деген маалымат тарады. Ишенгим келген жок, кайра-кайра сурап жаттым, балким башкалардыр? Сураштыралычы, адашып кеткендир… Тилекке каршы, мүнөт сайын маалымат такталып, баары кыргыздар экени анык боло баштады. Ан сайын көкүрөктү кан талап, жүрөк тилинип турду. Бул көрүнүш бир гана менде эмес, бардык кесиптештеримде, бүтүндөй кыргыз журтунда болду. Анан кеч туруп башы ооруп жатканына нааразы болгондор, эрте туруп уйкусу канбай калгандар жаратканга жалбара баштады. Анткени биз ойгонуп, таңдын агарып атканын көрдүк, ал эми Москвадагы өрттөн каза болгондор… 

Каргашалуу окуянын күбөсү каза болгон аял жакынкы арада Кыргызстанга кетүүгө камынып жаткандыгын, ал эми дагы бирөөсүнүн боюнда бар экендигин айтканда көздөн эмес жүрөктөн кан акты. Ошентип бул күн кыргыздар үчүн кандуу ишемби болуп кала берди.

Антип суук кабардан акыл-эсибизди жыйгыча Бишкек — Ош кан жолунда эки унаа кагышып, тогуз адамдын мерт кеткени угулду. Сегизи ошол жерден жан берсе, бирөө ооруканага баратканда көз жумуптур…

Ооба, азыр эми социалдык тармактарда же эки адамдын башы бириксе эле көрүнгөндү айыптап, күнөөлүүнү издейбиз. Күн чыкканда чырактын пайдасы жок болгон сыңары, азыр ар кимди күнөөлөөдөн майнап чыкпайт. Андыктан эсибиз барда этегибизди жыйып, кыргыздын кыраан жигиттери кыздарыбызды кайрып келели. Бизге караганда экономикасы артта делген Тажикстан, биз менен катарлаш жүргөн Өзбекстандын кыздарын Москвада дээрлик көрбөйсүң дешет. Келгиле, кеч болуп кала электе кемтигибизди бүтөп алалы. 

© AP Photo / Ivan SekretarevКыргызстандыктар каза болгон Москва трагедиясынын сүрөттөрү
Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар каза болгон Москва трагедиясынын сүрөттөрү

Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт эмеспи. Андыктан ичээр суусу токтогондордун жакындарына Sputnik Кыргызстан агенттигинин жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жараткан жакшы көргөн пендесин эрте алат дешет, балким алардын ары жакта кереги бардыр. Белди бекем бууп, кайгыга алдырбоого чакырабыз. Бул бир гана силердин эмес, бүтүндөй улуттун арманы! Баарыбыз каккан казыктай тик туралы. 

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күндү жалпы Кыргызстан боюнча аза күтүү күнү деп жарыялады. 

Буюрса бүгүн Кыргызстанда күн ачык болуп, Бишкек шаарында абанын температурасы 30…34 градус жылуу болсо, Ошто 32…35 градус жылуу болуусу күтүлөт. 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.80 (сатып алуу) жана 6894 (сатуу) сомду түздү. Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.20 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун. 

Кечиргиле кыргыздын кыйын кыздары, биз, жигиттер, силерди сактай албадык. Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0