БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Өзбекстандын эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз-өзбек чек арасы убактылуу жабылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-августта аталган мамлекет көз карандысыздыгын белгилейт. Мында Кыргызстандын жарандарына Өзбекстанга кирүүгө, Өзбекстандын жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынат. Ал эми эки өлкө жарандарынын өз мекенине кайтуусуна эч кандай чек коюлбайт.
Мындан тышкары, Чек ара кызматы үчүнчү өлкө жарандарына, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдун кызматкерлери чек арадан кадимки бекитилген тартип менен өтө аларын белгилейт.