00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

The Guardian: Артыковдон допинг табылганын Эл аралык федерация далилдеши керек

© REUTERS / Stoyan NenovКыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков. Архив
Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковду бейшемби күнү канынан тыюу салынган стрихнин каражаты табылды деген жүйө менен Олимпиадада ээ болгон коло медалынан ажыратты.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Ойлоп таап алган допинг чуусу" үчүн Оор атлетика боюнча эл аралык федерация (IWF) менен Эл аралык олимпиадалык комитет (ЭОК) бир топ араздашууга бара турганын The Guardian гезити жазып чыкты. 

Бейшемби күнү Спорттук арбитраждык сот кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковду канынан тыюу салынган стрихнин каражаты табылды деген жүйө менен Олимпиадада ээ болгон коло медалынан ажыратты.

"Артыковдун олимпиадалык медалы колумбиялык спортчу Луис Хавьер Москер Лозаного берилет. Бирок федерациянын өзүнүн арты да таза эмес", — деп жазат британиялык басылма. 

The Guardian Олимпиаданын алдында россиялык оор атлетчилердин оюндан четтетилгенин, ошондой эле Европа чемпионатында болгариялык спортчулардын дисквалификацияланганын белгилейт. 

Тяжелоатлет из Кыргызстана Иззат Артыков на XXXI летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро в весовой категории до 69 кг. - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыков: мен эч кандай допинг колдонгон эмесмин
"Ойлоп таап алган допинг чуусу менен оор атлетика боюнча эл аралык мелдештерден Россия, Белоруссия, Казакстан бир жылга четтетилди. Бул тизмени Армения, Азербайжан, Молдова менен Түркия толуктайт деген кооптуулук бар", — деп айтылат макалада.

Басылма эгер ЭОК 2008 жана 2012-жылдары эле допинг-тесттин экинчи ирет жүргүзүлүүчү процессин кайра карап чыкса, азыркыдай көрүнүш болмок эместигин белгилейт.

"Жетишпей калышты да натыйжада "күмөндүү" өлкөлөр Олимпиадага катышып, керек болсо медаль жеңип алышты. Бир эле Казакстан оор атлетика боюнча беш, анын ичинде бир алтын медалга ээ болду", — дейт гезит.

Абройлуу басылманын пикиринде оюндардан кийин олимпиадалык программа толугу менен кайра каралып чыгышы керек.

"Эл аралык федерация Эл аралык олимпиадалык комитеттен кыйгап өтүп, спортчуларды, бүтүндөй өлкөнү оюндардан четтетүүгө укуктуу экенин далилдеп бериши керек. Демек, эки ири уюмдун ортосунда бир топ келишпестиктер чыгары шексиз", — деп жазылат макалада.

1920-жылдан бери иштеп келген Оор атлетика боюнча эл аралык федерация туура кадам жасаганын далилдей албаса, Олимпиадалык оюндардын курамынан чыгат.

Артыковду медалдан ажыраткан стрихнин каражаты тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0