00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сүйүнүчкө суу сепкенде. Иззат Артыков медалсыз калды

© Sputnik / Табылды КадырбековВид на улице Бишкека с высоты. Архивное фото
Вид на улице Бишкека с высоты. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн күнгө жума. Өлүп тапкан баламды, өрдөк чокуп өлтүрдү.

Ооматы ообогон Олимпиада. Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча коло медаль тагынган Иззат Артыков допинг менен кармалды. Ал эми спорттук арбитраждык сот (CAS) спортчунун медалы алынарын жар салды. Бул бапестап тапкан балапаныбызды бүркүт жулуп кеткендей эле болду. 

Күтүлбөгөн сокку. Бирок Иззат Артыковдун машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров мындай болушу мүмкүн эместигин айтып, үмүт шамын жандырып турган чагы. Тажрыйбалуу машыктыруучу тилинен жаңылбаса керек деп туралы. 

Эгерде Артыковду медалдан ажыраткан стрихнин тууралуу билгиңиз келсе, бул жактан күтөбүз

Барга көппөй, жокко чөкпөгөн кыргыз журту өз жашоосун улантат. Борбор калаадагы Фучик көчөсүн бойлой жаңы тосмолор орнотулууда. Бишкек мэриясы бул кадам сентябрь айында өтө турган КМШ президенттеринин саммитине карата даярдык деп түшүндүрдү. Буюрса саммиттин шылтоосу менен короо-жайыбыз оңдолуп калчудай.

Кыргызча сөз таппай, сыйпалап калган учурлар көп эле кездешет. Ал эми киргиздер көп учурда "тошна", "брашка" деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп калмай жайы бар. Атайын сизер үчүн синоним сөздөрдү тартуулайбыз. Тез — бат — дароо — ылдам — шак — шарт — чапчаң…

Азыр, азыр… аз калды! Ачабыз…Буга чейин "толук бүттү" делген ат майданы тууралуу карикатура назарыңыздарда

Кара булут каптаган Түркия. Түркиянын Чыгышында жайгашкан Элазыг аймагында болгон ири жарылуудан алты киши каза таап, 170ке чукул адам жарадар болду.

Жардыргыч зат салынган автоунаа Түркия менен Ирандын чек арасына жакын аймакта жарылып кеткен. Чабуул полициянын бөлүмүнө жасалганы айтылууда.

Акындардын айтышынан чыккан чырга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чекит коет. Буга чейин казактар менен айтыша турган сегиз акындын катарына айтылуу акындардын кирбей калышы көптөгөн нааразычылыктарды жараткан. 

Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтөрүн Кыргызгидромет билдирди. Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бүгүн 30…32 градус ысык болот экен.

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.16 (сатып алуу) жана 68.41 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.20 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Белди бекем бууп, көздөгөн максатыңызга бет алыңыз. 

Ызаңызды тең бөлүшүп, Исмаил Мамытов. 

Жаңылыктар түрмөгү
0