БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Белгилүү кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат Россиянын Анапа шаарында өтө турган "Киношок" кинофестивалынын калыстар тобунун курамына кирди. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусу билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык фестиваль үстүбүздөгү жылдын 3-10-сентябрь күндөрү өтөт. Быйыл 25-ирет боло турган иш-чарада КМШ жана Балтика мамлекеттеринин тасмалары ат салышат.
Актан Арым Кубат тартууланган тасмаларды Россия менен Белоруссиянын белдүү кино ишмерлери менен бирге баалайт.