БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. "Кыргызстандын улуттук электр тармагынын" Ош облусундагы филиалы жогорку вольттогу подстанцияларды жаңылап жатат. Бул тууралуу аталган ишкана билдирди.
Бул кадам кыш мезгилине карата даярдык иретинде жүрүп жатат.
"План боюнча 7 ай ичинде 4 подстанцияда, 274 даана жабдуулар жана жогорку кубаттагы трансформаторлор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, 620,8 чакырымга созулган 33 подстанциядагы электр чубалгылар да оңдолду.
Аталган кадамдар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, 2017-жылы бүткөрүлөт.