Көчмөндөр оюну: ICSS тарткан тасма дүйнө элине көрсөтүлөт

© Пресс-служба президента КРУчастники танцевальной группы во время I Всемирны Игр Кочевников. Архивное фото
Участники танцевальной группы во время I Всемирны Игр Кочевников. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык борбор түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин расмий өнөктөшү болуп эсептелет.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Спорттук коопсуздук боюнча эл аралык борбор (ICSS) Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) тууралуу фильм даярдаганы жаткандыгы тууралуу ДКОнун катчылыгынан кабарлашты.

Аталган эл аралык борбор түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин расмий өнөктөшү болуп эсептелет. 

"Фильмди даярдоо үчүн ICSS командасы Кыргызстанга Көчмөндөр оюнуна келет. Алар салтанаттын ачылыш жана жабылыш аземин, ошондой эле спорттук, маданий-массалык иш-чараларды чагылдырат. Мындан тышкары, оюндарга катыша турган спортчулардан жана расмий делегациялардан интервью алууну пландап жатат", — деп айтылат маалыматта.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына билет баасы 4000 сомго чейин болот
Фильм Көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча даярдалат. ICSS өкүлдөрү тасма дүйнөдөгү эң ири телеканалдарда көрсөтүлө тургандыгын билдирген.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт. Көрүүчүлөргө этноспорттун 23 түрү боюнча спорттук мелдештер, "Көчмөндөр ааламы" фольклордук фестивалы жана бир катар маданий-спорттук иш-чаралар тартууланат. Алар Чолпон-Атадагы ат майданында, Кырчын жайлоосунда, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0