Сан-Паулуда Miss Bum Bum сынагынын катышуучулары, Алабино полигонундагы "Танк биатлону" сынагынын жарым финалдык беттешүүлөрү, Македониядагы бороон-чапкын, жаа атуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты, армениялык оор атлетчи Андраник Карапетяндын алган жаракаты, Кыргызстан олимпиадачыларын Бишкектен тосуп алуу жана башка кызыктуу окуялар Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт куржунунда.
"Келишимдүү жамбаш" номинасынын ээсин аныктоочу Сан-Паулудагы Miss Bum Bum go сынагынын катышуучулары. Сынактын финалдык бөлүгүндө 26 штат менен бир федералдык аймактан келген 27 бийкеч күч сынашты. Жеңүүчү 50 миң реал (22 миң доллар) алып, дароо атактуу болуп чыга келет
Узакка созулган нөшөрдөн улам, Мьянмада дарыялар нугунан ташып, бүтүндөй райондор суу алдында калды. 700 кыштактын 300 миңден ашуун тургуну суу ташкындан жабыркап, 38 миңден ашуун жашоочу убактылуу турак жайларга жайгаштырылды
Рио Олимпиадасында 77 килограммдык салмак категориясында күч сынашкан армениялык оор атлетчи Андраник Карапетяндын штанганы көтөрүп жатканда чыканагы чыгып кеткен. 20 жаштагы спортчу 195 килограммдык оордукту көтөрүүгө аракет кылган
Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Санкт-Петербургдагы жолугушуудан кийинки маалымат жыйында. Бул өлкө башчыларынын мамлекеттер аралык мамилелердин солгундап кетүүсүнөн кийинки алгачкы жолугушуусу.
Бишкекте чоңдор, кадеттер жана юниорлор арасында спорттук жаа атуу боюнча өлкө чемпионаты өттү. Ага 60тан ашуун спортчу катышты. Чоңдор 70 метрден, ал эми кадет менен юниорлор 60 метр аралыктан туруп бута мээлешти
Кыргыз армиясынын аскерлери Алабино полигонунда өткөн "Танк биатлону" сынагынын жарым финалдык беттешүүсүндө. Алтын медаль россиялык командага ыйгарылды. Күмүштү Кытай, ал эми колону Казакстан алып кетти. Эл аралык оюндар Россия менен Казакстандын аймагында 30-июль күнү башталган. Эки жуманын ичинде 19 өлкөдөн келген аскерлер 23 конкурста күч сынашты
Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Олимпиадада коло медаль алды. Спортчу 69 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышып, жалпысынан 339 килограммды көтөргөн
Коло медаль менен кайткан Иззат Артыковду "Манас" аэропортунан тосуп алуу. Аны күйөрмандары менен туугандары, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери, журналисттер жана аэропорттун жамааты тосуп алды