БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Россиялык дипломаттар менен аскери жетекчилери Анкарадагы кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдө түркия-сирия чек арасын жабууну талап кылды. Бул туурасында РИА Новости "Известия" гезитине шилтеме кылып жазды.
Буга чейин Россия менен Түркия чалгын, аскердик жана дипломаттык кызматтардын өкүлдөрүнөн турган үч тараптуу механизмди түзгөндүгү маалымдалган.
"Биз албетте, террорчулардын, куралдын агымын токтотуу үчүн сирия-түркия чек араларын жаап туруу маселесин көтөрдүк. Муну менен согушкерлер сырттан келген ар кандай камсыздоолордон кол жууйт",— деп айтты Мамдуманын Коргонуу комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий.
Анын айтымында, бул маселелердин Россиянын улуттук коопсуздугун камсыздоого тикелей тиешеси бар.
"Биз түркиялык тарапка согушкерлер менен куралды ташуу кайсы жол менен өтүп жаткандыгы боюнча спутниктен тартылган сүрөттөрдү берип, көмөк көрсөтө алабыз",— деп кошумчалаган депутат.
"Известия" түрк тарап Сирия менен чек араны жабуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап жатат деп жазды.
Эл аралык коомчулук менен адистер башка мамлекеттерден "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулууну каалагандардын негизги агымы аталган чек ара аркылуу кирип жатканын айтып келишет.