Намыска жараган спортчуларды күйөрмандар кыйкырык сүрөөн менен тосуп алышты.
Рио оюндарында Кыргызстандын намысын коргоо үчүн спорттун 6 түрү боюнча 19 спортчу кеткен.
5-августта башталган Рио Олимпиадасында Кыргызстандын намысын 19 спортчу спорттун алты түрүнөн коргоп жатат. Алардын ичинен оор атлетчилер — Жаңыл Окоева, Иззат Артыков, сууда сүзүүчүлөр — Дарья Таланова, Денис Петрашов, боксчу Эркин Адылбек уулу жана дзюдочу Отар Бестаев өз күчтөрүн сынашты.

Балбан учуп келген учак "Манас" аэропортунун босогосун эки жактан аттырылган арка сымал суудан өтүп аттады.

Олимпиадалык оюндарда өз күчүн сынаган спортчулардын алды кайтып келе баштады

Оор атлетика боюнча коло медаль алган Иззат Артыковду өзгөчө тосуп алышты

Боксчу Эркин Адылбек уулу жана сууда сүзүүчү Денис Петрашов

Иззат Артыков жубайы Айгерим Замирбекова менен

Артыков күйөрмандарына жылмайып чыкты

Спортчуларды күйөрмандары дароо кучактап, колун кысып, "Азаматсың!" деп куттуктап жатышты

Коло медалдын ээси үчүн өзгөчө торт

Журналисттер үчүн маалымат жыйын өттү

Спортчуларды бийлик өкүлдөрү да тосуп алышты

Эстелик үчүн сүрөт

Кыргызстандын намысын коргогон спортчуларды күйөрмандар сүрөөнгө алып турушту

Көкүрөккө толгон кубаныч

Көкөлөтө көккө ыргытып...

"Манас" аэропортундагы күйөрмандар
