БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Түндүк электр" мамлекеттик ишканасынын абоненттери үстүбүздөгү жылдын июль айында 12,5 миллион киловатт саат электр энергиясын үнөмдөшкөндүгү тууралуу ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда июль айынын ичинде абоненттер жалпы 279,3 миллион киловатт саат электр энергиясын сарпташкан.
"Ал эми 2015-жылдын июль айында 8,4 миллион киловатт саат же 5,6 пайыз үнөмдөлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Чүй облусу боюнча да бул айда электр энергия 4,2 миллион киловатт саатка же 3,4 % үнөмдөлгөн.