00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Как улучшение породы скота помогает фермерам зарабатывать больше
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Что изменится в правилах изъятия земель и какие права получат собственники - объясняет юрист
10:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
12 жылдык билим берүү системасы - окуу китептерин басуу иши кандай жүрүүдө?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Туризмди өнүктүрүү фонду кандай ири долбоорлорду ишке ашырууда — тоо-лыжа кластери, иневстициянын агымы, майс-туризм
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Дем берген жеңиш жана көшүлүп уктоонун пайдасы

Жазылуу
Бүгүн күнгө бейшемби. Агарып аткан таң баарыбызга ийгилик алып келсин.

Жеңиштин шаңы. Рио Олимпиадасында коло медалга татыган Иззат Артыков бардык кыргызстандыктарды кубанычка бөлөдү. Анын жеңиши айрым жумушчуларды өзгөчө кадамдарга да түрттү. Мисалы, Бишкек мэриясынын кызматтары жасаган иштерин Иззаттын ийгилигине арнады. Ошондой эле социалдык тармактарда да Иззаттын ийгилигине кубанып, төбөсү көккө жеткендердин саны миңдеп саналат.

Кубанычка толгон сезим. 10-август жалаң гана Иззаттын ийгилигин даңктаган күн болду окшойт. Анын апасы Малика Касымова менен жубайы Айгерим Замирбекова дагы кубанычтары койнуна батпай турганын айтты.  Айгерим Иззат менен баш кошкондон кийин ал бир жумадан соң эле машыгууларга кеткенин айтты. Спорт убакытты жана бекем тартипти талап кыларын келин жакшы түшүнөрүн айтат. 15 жылдан бери спорт дүйнөсүнө толугу менен сүңгүп кирген жолдошун колдоп турганын белгиледи. Ии баса, коло медалдын ээси жакында кырк жылкылуу болорун жубайы кубануу менен билдирди.

© AFP / GOH Chai HinОлимпиада-2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг
Олимпиада-2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада-2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг

Ынтымактуу үй-бүлө болом десең жакшы укта. Чынында чоңойгон сайын уйкудан таттуу эч нерсе жок экенин сезе баштайсың. Окумуштуулар дал ушул уйку бактылуу жашоого кандай таасир берерин изилдептир. Болгондо дагы түгөйлөр ортосундагы мамилеге да таасир берерин далилдешти. Жыйынтыгында түндө уйкусу кана уктаган жубайлар өздөрүн бактылуу сезет имиш. Түндө телефонду, компьютерди тиктебей, көшүлүп уктоого шашкыла. 

Билет алганды унутпагыла. 3-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болот. Ага билет алам деп ашыккандар Бишкек жана Ош шаарларынан сатып алса болот. Кыстарма үчүн айта кетчү нерсе — билеттин баасы азыр канча болору тактала элек. Андыктан көчмөндөрдүн оюндарын көрөм дегендер акчаңарды камдап, билет качан сатыкка чыгарын акмалап тургула.

Христиандарга кубаныч тартуулаган мусулман. Бул дүйнө жакшы адамдар бар үчүн эле сакталып тургандай таасир калтырат кээде. Анын ичинен кайрымдуу, күйүмдүү болуу да адамдарды айбандардан айырмалап турган сапат болсо керек. Россиянын Челябинск облусунун тургуну Галия Исекеева бош калган чиркөөнү сатып алып, аны жергиликтүү проваславдарга тартуу кылган. Галия башында чиркөөнүн имаратын дүкөн кылууну каалаган. Бирок чиркөөнүн бай тарыхы бар экенин билгенден кийин аны жергиликтүү элге белек кылды. Эл берилген белекти жапа тырмак оңдоп, саналуу күндөн кийин ал жакта сыйына башташат.

Валюта баасы. Бүгүн бир доллар 68.76 сом деп бааланды.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39 сом болуп кымбаттады. Ал эми Аи-92 үлгүсүндөгү май 36 сом, ал эми дизель майы дээрлик эки сомго кымбаттап 32 сомду түздү.

Соңку сөз ордуна. Жакшыга жанаш, жамандан адаш.

Жаңылыктар түрмөгү
0