Иззат Артыковдун жубайы: үйлөнгөндөн кийин бир жумадан соң машыгууга алып кетишкен

Жазылуу
Иззат Артыков Рио Олимпиадасында коло медалга ээ болду.

Коло медаль ээси Иззат Артыковдун жубайы Айгерим Замирбекова алар 2015-жылы декабрда үйлөнгөнүн билдирди.

"Биз үйлөнгөндөн кийин бир жумадан соң эле машыгууга алып кетишти. Жумасына бир-эки жолу эле келип кетчү. Буюрса бир айдан кийин кыздуу болобуз", — дейт сүйүнүчү койнуна батпаган Замирбекова.

Ал ошондой эле Артыков 15 жылдан бери спортто жүргөнүн айтып, эми ошол мээнетинин үзүрүн быйыл көргөнүн кошумчалады.

Замирбекова жолдошу машыгып жүргөндө күчтүү тамактар — манты, беш бармак, чучук, кымызды дайыма ичип жүргөнүн баса белгиледи.

Иззат Артыковдун жеңишке жеткен ирмемдерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0