БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ош шаарында алты жаштагы бала сууга агып кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык, кечээ, 8-август күнү саат 15.50дө болгон. Жеткинчек "Яккалик" каналына түшүп кеткен. Кечки саат сегизде куткаруучулар баланын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Мындан тышкары, Ысык-Атада саат 20:41де Чумышская ГЭС каскадынын суусунан белгисиз аял кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.