БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Борбор калаада таксисттин Mercedes Benz унаасы уурдалгандыгын Бишкек ШИИБден билдирди.
Уурдоо боюнча билдирүү түнкү саат экилер чамасында түшкөн. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган унаа Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган.
"Таксист чалуу болгон мейманканага келгенде кардар "Манас" аэропортуна жеткирип коюну суранган. Бирок мейманканада бир аз күтүп турууну өтүнгөн. Аңгыча кардар таксисттен алдоо жолу менен унаа ачкычын алып, качып кетүүгө үлгүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.