Эртең өлкө аймагында күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЧычкан капчыгайындагы автожол. Архив
Чычкан капчыгайындагы автожол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында жаан жаабай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын айрым жерлеринде күн себелеп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаарында күн ачык болуп аба ырайы 31 градуска чейин ысыйт, Ошто болсо 32 градус жогору болот. 

Ал эми Таласта 31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 33 градус ысыйт. Нарында 25, Ысык-Көлдө 24 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0