БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россиянан аскер космос күчтөрүнүн Ми-8 тик учагы 1-августта Сириянын Идлиб провинциясында атып түшүрүлдү. Анын ичиндеги беш кишинин — экипаждын үч мүчөсү менен эки россиялык офицердин эмне болгону такталууда. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигинин маалымат башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди.
Россиянын тик учагы Хмеймин авиабазасына кайтып келе жатканда атып түшүрүлгөн.
Учурда россиялык аскер кызматкерлеринин тагдыры мүмкүн болгон бардык жолдор менен такталып жатат.