БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ысык-Атада төрт бука жана беш уй уурдаган деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-июль күнү, Ысык-Ата районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 25-июнда белгисиз бирөөлөр сарайынан 4 бука жана 5 уйун уурдап кеткенин айткан.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 26 жана 19 жаштагы жергиликтүү тургундар кармалды.
Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.