БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандан чыгууга тыюу салынган жаран башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 31-июль күнү "Чалдывар" өткөрүү пункту аркылуу 24 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалган.
Ал башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга өтүп, андан ары Россияга кетүүгө аракет кылган. Тергөө учурунда кармалган жаранга өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон.
Тиешелүү документтер толтурулган соң, ал ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.