БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкерлери Ат-Башы районундагы Таш-Рабат кербен сарайына, Кошой-Коргон шаарына илимий-практикалык экспедиция уюштурушту. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.
Илимпоздор ошондой эле Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыздары менен жолугушуу өткөрүштү.
Аталган илимий-практикалык экспедиция Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиевдин жетекчилиги менен уюштурулуп, "Тарых жана маданият жылынын" алкагында өткөрүлгөн.
Эскерте кетсек, аталган эстеликтер Х-ХV кылымдарга таандык.