БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Оштун Буйга айылындагы мектеп жер көчкү алдында калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кооптуу аймакка барып, тактоо иштерин жүргүзүштү.
Анда жер көчкү коркунучу жаралган аймак менен айыл мектебинин аралыгы болжолдуу түрдө 200-250 метрди түзөрү аныкталган.
Учурда адистер абалды көзөмөлдөп турушат.