БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов тайбокс боюнча чемпион кыргызстандык кыз Валентина Шевченкону америкалык Холли Холм менен болгон беттеште сүрөп, колдоп туруу үчүн Чикаго барды.
Спортчу кыз өзүнүн Instagram баракчасына өзүнүн, эжеси Антонина Шевченко, машыктыруучу Павел Федотов жана депутат Алтынбек Сулайманов менен бирге түшкөн сүрөтүн жарыялады.
"Алтынбек Сулаймановго алыстан, Кыргызстандан атайын Чикаго шаарына мени сүрөп, колдоо көрсөтүүгө келгенине рахмат айтам",— деп жазган ал.
Фотография беттеш болгон күнү жарыяланган.
Валентина Шевченко — муай-тай боюнча дүйнөнүн 12 жолку, кикбоксинг жана К-1 боюнча үч жолку чемпиону.
Ultimate Fighting Championship— спорттук мушташтын аралаш түрү боюнча беттешүүлөрдү Түндүк Америкада, Европада жана Азияда өткөргөн спорттук кадыр-барктуу уюм. Штаб-квартира Лас-Вегаста (АКШ) жайгашкан.