БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткендер беш күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эске сала кетсек, 18-июлда эки киши аталган сууга агып кеткен. Аларды издөө иштери жүргөнү менен бүгүнкү күнгө чейин табылган эмес.
Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткен эки кишинин бирөө Алай районунун 35 жаштагы тургуну болсо, экинчиси Бишкек шаарынын 40 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталган. Издөө иштери улантылууда.