БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы сууга 17-июлда 79 жаштагы аял агып кетсе, 18-июлда эки киши акканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, аларды издөө иштери жүргөнү менен табылган эмес.
18-июлда Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткен эки кишинин бирөө Алай районунун 35 жаштагы тургуну болсо, экинчиси Бишкек шаарынын 40 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталган.