БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россия менен Япония космос жаатында чогуу ири долбоорлорду жүзөгө ашырат. Бул тууралуу РФтин экономика министри Алексей Улюкаев Токиодогу жолугушууда билдиргенин РИА Новости билдирди.
Анын айтымында кызматташуу бир гана космос жааты менен чектелбейт.
"Биз япон өнөктөштөрүбүз менен IT технология, экономика жана өзөктүк энергия жаатында да кызматташууга даярбыз. Өзгөчө көңүл космос тармагына бөлүнөт", — деди Улюкаев.
Министр өнөктөштөрүн жол инфраструктурасына инвестиция кылууга да чакырды.