БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдыр министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов аталган министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызыматы кабарлады.
15-июлдагы коллегияда ӨКМдин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын башчыларын алмаштыруу чечими кабыл алынган.
"Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Абдышарип Бекилов, ал эми Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп аталган министрликтин карамагында жүргөн майор Кыялбек Курганбаев дайындалды", — деп билдирди маалымат кызматы.
Бекилов ӨКМдин маалымат кызматында 10 жылдан бери иштеген. 2012-жылдан тарта аны жетектеп келген.
Ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жуналистика факультетин аяктаган, кесиби боюнча журналист.