БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Стамбул шаарынын Коопсуздук кызматынын жетекчиси тик учактарды эскертүүсүз атып түшүрүүгө буйрук берди. Учурда шаарга полициянын атайын даярдыктагы 1,8 миң аскерлери жөнөтүлгөн. Бул тууралуу РИА Новости Anadolu агенттигине шилтеме берүү менен жазды.
Стамбулга коңшу провинциялардын атайын даярдыктагы аскерлери жөнөтүлүп, алар шаардагы бардык маанилүү жайларменен көчөлөрдү курчоого алышты. Шаарга атайын техникалар дагы жеткирилген.
Сабиха Гөкчен аэропортунан төңкөрүш жасоого шектелген 11 жаран кармалгандан кийин Стамбулда коопсуздук аракеттерин камсыздоо иштери күчөтүлдү.
Түркиядагы аскерий төңкөрүш аракети жума күнү кечинде болуп, андан кийин күч кызматкерлери алты миңден ашык адамдарды кармаган. Алардын ичинде жогорку жана ортоңку чиндеги аскер адамдары бар.
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда төңкөрүшкө аракетинин кесепетинен 290 адам каза тапкан. Анкара төңкөрүш жасоо аракетине АКШда жашаган диний көз караштагы оппозиячы Фетхуллах Гүленди айыптап жатат.