БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Түрк аба жолдору авиакомпаниясы 18-июлдагы АКШ менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдарын токтотту. Бул туурасында РИА Новости анын расмий сайтына шилтеме кылып кабарлады.
Буга чейин кечээ да, тагыраагы 17-июлда аталган компания АКШ менен Түркия ортосундагы аба каттамдарын жасаган эмес. Түркиядагы төңкөрүш кылуу боюнча саясий окуялардан кийин 16-июлда өлкөдөгү башка тараптарга рейстер кайрадан жандандырылган.
Анткен менен сайтта аталган тараптардын кийинчерээк жасала турган аба каттамдарынын датасы кабарланган эмес.
Жума түнү, 15-июлда Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун жарыялады. Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөдү. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын билдирди.