БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Улуттук банк үстүбүздөгү жыл ичинде 160 миллион 120 миң доллар сатып алгандыгы тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланды.
Алты айдын ичинде банк 91,7 миллион доллар саткан, анын көпчүлүк бөлүгү январь айына туура келет. Ал эми март айынан тарта Улуттук банк долларды кайрадан сатып ала баштаган.
Улуттук банк жума күнү 8,7 миллион доллар сатып алды. Натыйжада, жалпы жонунан жыл башынан бери 160 миллион 120 миң доллар сатып алынды.
Интервенциялар улуттук валютанын туруктуулугун сактоо үчүн жүргүзүлүп келет. Долларды сатып алуу менен өлкөнүн эл аралык валюталык резерви толукталат.
Үстүбүздөгү жылдын башында доллар 76 сом ченинде кармалып турганы менен анын наркы кайрадан төмөндөп баштады. Учурда Улуттук банк койгон доллардын наркы 67,24 сомду түздү.