БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылынын 24 жаштагы тургуну айылдагы суу сактагычка чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кырсык 12-июлда кечки саат 6.30дар чамасында болгон. Болжол менен 3,5 сааттан кийин айылдаштары тарабынан анын сөөгү суудан чыгарылып, туугандарына тапшырылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл башынан бери канча киши сууга чөгүп кеткенин маалымдады. Ага ылайык, Чүй облусунда сууга чөгүп каза болгондордун саны башка аймактарга караганда бир топ көп.