Азимжан Аскаровдун сотунан улам Бишкектеги Орозбеков көчөсү жабылды

© Фото / очевидца Эркина А., отправленное по Whats App-каналуСотрудники правоохранительных органов у здания верховного суда КР
Сотрудники правоохранительных органов у здания верховного суда КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскаров сот органдары тарабынан 2012-жылы улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандык уюштурганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал окуяда милиция кызматкери өлтүрүлгөн.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Азимжан Аскаров боюнча бүгүнкү боло турган соттук отурумдан улам, Бишкектин Орозбеков көчөсү убактылуу жабылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар WhatsApp аркылуу маалымдады.

© Фото / очевидца Эркина А., отправленное по Whats App-каналуАзимжан Аскаров боюнча бүгүнкү боло турган соттук отурумдан улам, Бишкектин Орозбеков көчөсү убактылуу жабылды
Азимжан Аскаров боюнча бүгүнкү боло турган соттук отурумдан улам, Бишкектин Орозбеков көчөсү убактылуу жабылды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Азимжан Аскаров боюнча бүгүнкү боло турган соттук отурумдан улам, Бишкектин Орозбеков көчөсү убактылуу жабылды
© Фото / очевидца Эркина А., отправленное по Whats App-каналуБүгүн Жогорку сот Азимжан Аскаровго өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча берилген өкүмдү карайт
Бүгүн Жогорку сот Азимжан Аскаровго өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча берилген өкүмдү карайт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бүгүн Жогорку сот Азимжан Аскаровго өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча берилген өкүмдү карайт
© Фото / очевидца Эркина А., отправленное по Whats App-каналуБишкектин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы соттук отурум учурунда Орозбеков жана Москва, Токтогул көчөлөрүнүн бир катар жерлериндеги кыймылга убактылуу чектөө киргизилгендигин кабарлады.
Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы соттук отурум учурунда Орозбеков жана Москва, Токтогул көчөлөрүнүн бир катар жерлериндеги кыймылга убактылуу чектөө киргизилгендигин кабарлады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы соттук отурум учурунда Орозбеков жана Москва, Токтогул көчөлөрүнүн бир катар жерлериндеги кыймылга убактылуу чектөө киргизилгендигин кабарлады.
1/3
Азимжан Аскаров боюнча бүгүнкү боло турган соттук отурумдан улам, Бишкектин Орозбеков көчөсү убактылуу жабылды
2/3
Бүгүн Жогорку сот Азимжан Аскаровго өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча берилген өкүмдү карайт
3/3
Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы соттук отурум учурунда Орозбеков жана Москва, Токтогул көчөлөрүнүн бир катар жерлериндеги кыймылга убактылуу чектөө киргизилгендигин кабарлады.

Бүгүн Жогорку сот Азимжан Аскаровго өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча берилген өкүмдү карайт. 

"Жогорку сотко жакын жол жабылды", — деп билдирди окурман.

Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы соттук отурум учурунда Орозбеков жана Москва, Токтогул көчөлөрүнүн бир катар жерлериндеги кыймылга убактылуу чектөө киргизилгендигин кабарлады.

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен.

Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы бейөкмөт уюм Аскаровду абактан бошотууну Меркелден суранып жатат
2016-жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланып, анда "Аскаров мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту дагы Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган.

Аскаровдун иши кайра кароо жараяны анын жактоочусунун берген арызында болмокчу. Анда жаңы жагдайлар ачылгандыгын айтышкан.

Кандайдыр бир өзгөчө окуяга, жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0