БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы Ала-Арча дарыясынын жээктери бекемделип жаткандыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, жээкти бекемдөө иштери Биринчи Май районунун муниципалдык администрациясы тарабынан жүргүзүлүп жатат.
"Мындай иш-чаралар суу ташкындарын алдын алуу максатында аткарылууда. Учурда Рыскулов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин аймактарындагы дарыя жээктери бекемделип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Аталган иш-чара июль айынын аягында бүткөрүлүүсү күтүлүүдө.