БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Абитуриенттер үчүн айрым жогорку окуу жайлар жетишсиз маалымат берүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева ЖОЖ жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада калктын аялуу катмары үчүн бериле турган жеңилдиктер жөнүндө сөз болду.
"Абитуриенттерди тийиштүү маалымат менен камсыздоого болгону сегиз окуу жай жоопкерчиликтүү мамиле жасады. Айрым ЖОЖдор тууралуу маалымат жарым-жартылай болсо, кээсинин сайты таптакыр иштебейт", — деди министр.
Жыйындын соңу менен абитуриенттер жана ата-энелер үчүн окуу жай тууралуу маалыматтын максималдуу көлөмүн жарыялоо тапшырмасы берилди. Мында Сариева окуунун баасы, бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтын кеңири берилишин талап кылды.