Жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү

© Sputnik / Эльмира СуйутбековаДүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү
Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон" 29-июнда Ташкент шаарында башталып, Казакстанда соңуна чыгат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Казакстан менен кесилишкен Чоң-Капка аймагынан билдирди.

© Sputnik / Эльмира СуйутбековаДүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү
Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү - Sputnik Кыргызстан
1/4
Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү
© Sputnik / Эльмира СуйутбековаЛегендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан "Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон" долбоорунун алкагында өтүүдө
Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон долбоорунун алкагында өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
2/4
Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан "Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон" долбоорунун алкагында өтүүдө
© Sputnik / Эльмира СуйутбековаАл Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет
Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет
© Sputnik / Эльмира СуйутбековаАл эми 5-июлда Суусамырга түшүп, эртеси Кара-Балтага бармакчы.
Ал эми 5-июлда Суусамырга түшүп, эртеси Кара-Балтага бармакчы. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ал эми 5-июлда Суусамырга түшүп, эртеси Кара-Балтага бармакчы.
1/4
Дүйнөгө белгилүү жөө күлүк Дин Карнасис Кыргызстандын чек арасын кесип өттү
2/4
Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан "Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон" долбоорунун алкагында өтүүдө
3/4
Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет
4/4
Ал эми 5-июлда Суусамырга түшүп, эртеси Кара-Балтага бармакчы.

Легендарлуу марафончу Дин Карнасистин сапары (Dean Karnazes) Борбордук Азиядагы үч өлкө — Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагынан "Жибек Жолу менен кеткен ультрамарафон" долбоорунун алкагында өтүүдө.

"Карнасис чек арадан чуркап өттү. Аны кыргыз каадасы — боорсок, сары май менен тосуп алышты. Көзөмөл пунктунан ага кыргыз күйөрмандар кошулуп, Кызыл-Жылдыз айылына чейин чуркап бармай болушту", — деди кабарчы.

Ал Карнасис чуркоосун эртең улантып, Таласка чейин жетет. Ал эми 5-июлда Суусамырга түшүп, эртеси Кара-Балтага бармакчы.

"7-июлда Шопоков шаарына келсе, эртеси Бишкекте болот. Аны АКШ элчилигинин эки унаасы коштоп жүрөт. Анда спортчунун саламаттыгына көз салган дарыгерлер менен бардык тийиштүү жабдуулар бар", — деди журналист.

лицензия алган жөө күлүк Юлия Андреева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Кыргызстандын үмүтү — жөө күлүк Юлия Андреева
Марафон 29-июнь күнү Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында башталып, 10-июль күнү Алматы шаарында соңуна чыкмакчы. 50 жаштагы Карнасис жалпы жонунан 11 күндүн ичинде 525 чакырымдык аралыкты чуркап өтүүгө белсенүүдө.

Иш-чараны АКШнын аталган үч өлкөдөгү элчиликтери уюштуруп, ал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат. 

Дин Карнасис алыскы аралыкка чуркаган дүйнөдөгү белгилүү жөө күлүктөрдүн бири. Эң эсте каларлыгы — ар бири 42 чакырымдан болгон 50 марафонду АКШнын 50 штатында 50 күн катары менен чуркап өтүшү. 

Мындан тышкары, 2005-жылы Түндүк Каролинада уйку көрбөй 560 чакырымды 80 саат 44 мүнөттө чуркап өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0