"Олжобай менен Кишимжан" кыргыздын лирика-эпикалык дастаны же лиро-романтикалык эпосу. Чыгарма бай-манаптык доор учурундагы окуялар, эки ашыктын кайгылуу тагдыры жөнүндө баяндайт. Олжобай менен Кишимжандын махабаты жана алардын алыскы тууган — жээн, таеже болгону айтылат. Дастан сюжетиндеги кагылыштар да ошол эки жаштын сүйүүсүнө байланыштуу чыгат да, алардын өлүмү менен чечилет. Окуянын мындан бир нече жүз жылдар мурун, тагыраагы 16-кылымдын башында болгондугу айтылып келет.
Үй-бүлө, нике мамилелери. "Олжобай менен Кишимжан" поэмасында өткөн заманда кыргыздардын үй-бүлө, нике мамилелеринин ар түрдүү формалары чагылдырылган. Алсак, поэмада биринчи планда өткөндөгү кыргыз турмушунда үстөмдүк кылып келген үй-бүлө, никенин бир формасы, тактап айтканда макулдугун эске албай, ата-энелердин кеңеши, буйругу боюнча баш кошкон түрү жөнүндө да баяндалат. Ушундай үй-бүлө, нике формасынын негизинде келип чыккан калың берүү салты эпосто сындоо, ашкерелөө маанисинде сүрөттөлөт. Чыгармада үй-бүлө, нике мамилелери менен тыгыз бирдикте кыргыз элинин адат — салттары, нравалары да ачык элестетилген. Бул жагынан алганда "Олжобай менен Кишимжан" поэмасы кыргыздардын өткөндөгү этнографиясын үйрөнүүдө, сөзсүз баалуу чыгармалардан боло алат. Анда үйлөнүү тоюна мүнөздүү болгон адат, салттардын бардык этаптары кеңири сүрөттөлгөн
Кишимжан – эркиндикти сүйгөн, сүйүүнү өмүрүнөн кымбат койгон каарман. Анын образын түшүнүү максатында башка эпикалык чыгармалардын, айталык баатырдык эпостордун каармандары менен салыштырып караса болот. Ал – кайраттуу, сөзүнө турган, бир туруп назик, башкысы адилетсиздикке чыдабаган, моюн сунбаган инсан. Адабиятчылар анын образын "Кожожаш" поэмасындагы баш каармандардын бири — Зулайка, "Төштүк" эпосундагы Кенжеке, "Эр Табылдыдагы" Кардыгач,"Манас" эпосунда Каныкей, "Жаңыл Мырза" эпосундагы баатыр кыз Жаңылга катар коюп келишет.
Дастандагы көөнө сөздөр. Чыгарманы окуган адам кыргыздын көөнө сөздөрүн кезиктире алат. Акер (кооздоп жасалган кепич, бүргөн (шыбакка окшош өсүмдүк), даражы (эки бети бирдей өңдө токулган жука жибек кездеменин бир түрү), кежим (жалтылдаган алтын жиптен токулган кымбат баалуу ат жабуу), күбөк (күмүштөн же жезден жасалган сөйкө), мун (кемчилик), чагырмак (кымыздан тарткан арак) сыяктуу сөздөр менен сөз байлыгын байыта алары турган иш.
Фактыларды даярдоодо Сапарбек Закиров баш болгон адабиятчылардын Тил жана адабият институнан чыккан эмгектери пайдаланылды.