Синоптиктер бүгүн күн ысык болорун билдирди. Аптап болору турган иш, Бишкек жана Ош шаарларында 36 градуска чейин ысыйт экен.
Жаман кабарды жайылтканга неге мынча машпыз? Ааламга жаңыртып айткың келген бир сөз. Ашыгып кадам таштабай тургулачы, бурадарлар. Стамбулдун эл аралык "Ататүрк" аба майданында жардыруу жасаган адамдын Кыргызстан жараны жана кыргыз экендиги азырынча тактала элек. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди. Такталып жатат дешти… Жаман кабарды жайылтканга неге мынча машпыз, а?
Намаз эски аянтта эмес, Жеңиш аянтынын жанында окулат. Үстүбүздөгү жылдын 5-июль күнү белгилене турган Орозо айтта намаз саат 7.30дан 8.10гө чейин окулат. Ал Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнө чейинки аралыкта болот. Орозо айт майрамын белгилөө эрежелери менен бул жерден таанышса аласыз.
Гимн жана ооз ачпаган депутаттар. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары сегиз ай иштеп жайкы эс алууга чыкты. Бул жерден эл өкүлдөрүнүн кимиси гимнди созгонун, кимиси оозуна талкан куюп алгансып турганын көрсөңүз болот.
Сентябрга чейин жакшы тургула! Эмне болсоң ошо бол, Ак-Сайдын башы жошо бол… Урее!.. Каникул!!!
Атамбаевдин тордолгон элеси. Азамат Жаналиев аттуу чебер президент Алмазбек Атамбаевдин да сүрөтүн жип жана мык менен тартып жатат. Буюрса, бүгүн аны бүтүрөм деп турат.
Инфографика. Туристке он кеңеш. Кыргызстанга аттанганда: кантип виза алып, турак жай тандаса болорун бул жерден көрсөңүз болот.
Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.29 (сатып алуу) жана 67.41 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте майдын баалары бир нече күндөн бери өзгөрүүсүз. Аи-95 38 сом, Аи-92 андан 3 сомго арзан, тагыраагы 35, ал эми дизель майы 30,5 сомдон сатылууда.
Соңку сөз ордуна. Сабырсыз калар уятка, саргайган жетер муратка.