БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларын өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 18-майында кабыл алынган.
Анын максаты — тооруктарды жана аукциондорду электрондук форматта өткөрүү үчүн укуктук негиздерди түзүү.
Электрондук форматта өтө турган тоорук жана аукциондорду өкмөт төмөнкүдөй ыраатта аныктайт:
- жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга сатуулар;
- муниципалдык мүлктү сатуу боюнча аукцион жана муниципалдык менчиктеги объектилерди пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча аукцион;
- камактагы мүлктү, камакка алуунун негиздерине жана түрүнө карабастан, мыйзам боюнча айландыруудан алынып салынган мүлктөн башкасын, сатуу боюнча тооруктар; өндүрүп алууга жаткан кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча тооруктар.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.